Садыр Жапаров агасынын алтын куйма менен түшкөн сүрөтү кайда тартылганын тактады
RU

Садыр Жапаров агасынын алтын куйма менен түшкөн сүрөтү кайда тартылганын тактады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров алтын куйма кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди. Бул туурасында ал "Кабар" маалымат агенттигине курган чакан маегинде айтты.

"Сүрөт боюнча мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да). "Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн", - деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров мамлекетке тиешелүү алтындарга бир туугандары эле эмес, өзү дагы жолой албай турганын айтат.

"Өткөн жылы "Кумтөрдү" кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңгиз мырзага "Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат" деп айткам. Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби "Мына сиз кийлигишип, "Кумтөр" ишин толук аткара албай калды" деген дооматтар болбосун дедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген".

Биздин Телеграм каналга катталып, бардык жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8278