Кыргызстанда жашы жете электерди зордуктагандарды кастрациялоо сунушталууда
RU

Кыргызстанда жашы жете электерди зордуктагандарды кастрациялоо сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Улан Бакасов жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамдарга хирургиялык кастрацияны киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоордун автору расмий статистика чындыкты толук чагылдырбай турганын жана мындай кылмыштардын санынын олуттуу өсүшү чечкиндүү чараларды көрүүнү жана зордукчуларга жазаны катаалдаштырууну талап кылаарын белгилейт.

"Ушул жылдын башынан бери жашы жете электерге, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук маселеси эң резонанстуу болуп калды. Мамлекет балдарды бүгүнкү күндө алар дуушар болуп жаткан зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн абсолюттук коргоону камсыз кылышы керек. Ал эми балдарды коргоо үчүн, педофилия үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарыл. Албетте, педофилдер өлүм жазасына татыктуу, бирок өлкөдө өлүм жазасына конституциясы тарабынан тыюу салынган", - деп айтылат негиздемеде.

Депутат Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык жана Жаза аткаруу кодекстерине бир нече түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

  • Жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын - хирургиялык кастрацияны колдонуунун өзгөчө тартибин белгилөө сунушталууда.
  • Учурдагы мыйзамдарда 14 жашка чыга элек баланы зордуктоо жана сексуалдык зомбулук үчүн 15 жылга эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Эл өкүлү бул мөөнөттү 20 жылга чейин көбөйтүүнү же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.
  • Педофилия менен жабыркаган адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуудан качкандыгы үчүн эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилөө менен кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда.
  • Сунушталган эрежеге ылайык, соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай мурда психиатрлардын текшерүүсүнөн өтүшү керек.

Биздин Телеграм каналга катталып, бардык жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8283