Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү сунушталды. Бирок, мүмкүн эмес экенин эскертишти
RU

Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү сунушталды. Бирок, мүмкүн эмес экенин эскертишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, жыйынга Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү келип, Кадамжай районундагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча маалымат бериши керек.

"Кыз зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул оор кылмышка шектелип 3 адам кармалды. Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керек", - деди депутат.

Анын пикирине Чолпон Султанбекова да кошулду. Ал Кыргызстанда балдар коопсуз эмес деп эсептейт.

"Балдарыбыздын коопсуздугун камсыздоо маселеси курч турат. Бул маселе боюнча өкмөттүк күн өткөрүп, эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу зарыл", - деп кошумчалады депутат.

Ал эми Тазабек Икрамов спикер Талант Мамытовдон министрлер кабинетине жана Ички иштер министрлигине тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Марлен Маматалиев кесиптештерине Конституция өлүм жазасын киргизүүгө жол бере албастыгын эскертти.

"Педофилдерге жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбооруна кол коюлганына бир ай боло элек. Анда эң жогорку жаза каралган. Аткарылган иштер боюнча министрлер кабинети жана төраганын жетектөөчү орун басары Эдил Байсалов отчет бериши керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8248