Сирияда террордук уюмдун лидери Сирожиддин Мухтаров өлтүрүлдү. Ал Кыргызстандык
RU

Сирияда террордук уюмдун лидери Сирожиддин Мухтаров өлтүрүлдү. Ал Кыргызстандык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сирияда "Катиба Тавхид валь-Жихад" террордук уюмунун лидери Сирожиддин Мухтаров өлтүрүлдү. Бул тууралуу Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү боюнча орус борборунун жетекчисинин орун басары, генерал-майор Олег Егоров билдирди.

Егоровдун айтымында, Мухтаров 8-сентябрда Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн (ВКС) Идлиб провинциясындагы согушкерлердин лагерине жасаган соккусунун натыйжасында каза болгон. Ошондой эле Россияда тыюу салынган дагы бир террордук уюм - Жабхат ан-Нусранын 20дан ашык жогорку даражалуу мүчөсү жок кылынды.

Орус жана Кыргызстандын атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, Сирожиддин Мухтаров Кыргызстандын Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Ал Кыргызстандан 2013-жылы чыгып кеткен. Ага чейин бул жактагы мыйзамарды жана диний нормаларды бузган ар кандай чакырыктарды жасап жүргөнү айтылууда.

Сирияда Сирожиддин Мухтаров Башар Асадга жана аны колдогон орусиялык күчтөргө каршы күрөшүп жаткан "Катиба Тавхид валь-Жихад" террордук уюмун жетектеген. Бул уюм бир катар теракттарды уюштурган. Ал эми бул топ Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Россиянын атайын кызматтарынын жана тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Катиба Тавхид валь-Жихад 2017-жылдын апрель айында Санкт-Петербургдун метросунда 15 адамдын өмүрүн алып, 100гө жакыны жаракат алган терактты уюштурууга катышкан. Кол салууга Россиянын Сириядагы аскердик аракеттери себеп болгону айтылууда. Орус тергөөчүлөрү Сирожиддин Мухтаровду кол салууну уюштурган деп аташкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, Сирожиддин Мухтаров 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон терактты уюштурган. Жанкечти дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына кирип, өзүн-өзү жардырган. Ал каза болуп, элчиликтин үч кызматкери жаракат алган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын атайын кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылдын сентябрь айында Сирожиддин Мухтаровдун көрсөтмөсү менен теракт уюштурууну пландаган жаран кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8304