Чет өлкөгө жолдомо. Блогерлер Медер менен Нуризанын заманбап тою өттү
RU

Чет өлкөгө жолдомо. Блогерлер Медер менен Нуризанын заманбап тою өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогерлер Медер Нуркадыров менен Нуриза Бектурованын 10-сентябрда үлпөт тою өттү.

Эки жаштын тою жар-жар айтуу, улуттук жөрөлгөлөрдү жасоо менен өтүп, жакшылыкка түгөйлөрдүн дос-тууганы, жакын санаалаштары конок болушту.

Тойдо эки жашка бал айын чет өлкөдөн өткөрүү үчүн өкүл ата, өкүл апасы жолдомо беришти.

Белгилей кетсек, актёр жана блогерлер алгач нике күбөлүгүн алышып, андан кийин Нуризанын кыз узатуу тою болгон. Түгөйлөр "Супер малина" тасмасында башкы каармандардын образын жаратышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8306