Орозали Максудов дүйнө чемпиону болду
RU

Орозали Максудов дүйнө чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Орозали Максудов Түркияда өткөн кунг-фу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кунг-фу федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, чемпионат 6-9-сентябрь аралыгында Анкара шаарында өткөн. Ага үч өлкөнүн спортчулары катышты.

Максудов 80 килограммга чейинки салмак категориясында эки дисциплинада - Кунг-фу Фул (Санда) жана Кунг-фу Лайт (Лайт контакт) боюнча күч сынашты. Кунг-фу Лайт (Light Contact) дисциплинасында кыргызстандык 3-орунду ээледи. Ал эми Кунг-фу Фул (Санда) боюнча өз категориясында чемпион болуп, курга ээ болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8308