Быйыл абитуриенттердин эң көбү кайсы кесипти тандады. Статистика
RU

Быйыл абитуриенттердин эң көбү кайсы кесипти тандады. Статистика

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына карата ЖОЖдорго кабыл алууда эң көп талап кылынган кесиптердин статистикасын көрсөттү.

Ведомствонун маалыматы боюнча, быйыл 5 миң 138 адам педагогикалык багытты тандаган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп (3984). Педагогикалык багытка 1918 гранттык орун бөлүнгөн. Келечектеги мугалимдер 17 мамлекеттик жана 12 жеке менчик университетте даярдалат.

Педагогикалык адистикке тапшыргандардын ЖРТсынын эң жогорку баллы 219 болгон.

Абитуриенттер дагы кандай адистиктерди тандашкан

:

  • IT тармагына 3201 студент;
  • гуманитардык багыттар - 3 миң 116;
  • айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен, энергетика - 3 миң.
  • экономика - 2 миң 200;
  • дарыгер - 1 миң 996;
  • юриспруденция - 1 миң 442;
  • курулуш жана архитектура - 604 студент тапшырган;
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8309