Садыр Жапаров Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында жеңишке жетип, алтын тагынган балбан Акжол Махмудовду өлкө башчы куттуктады. Ал куттуктоосун Facebook баракчасына жарыялап, балбанга ийгилик каалады.

"Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол баатыр!", - деп айтылат анда.

Белгилей кетсек, Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалга чейин жетип, атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8315