Акжол Махмудов : Жеңишим машыктыруучумдун маркум атасына арналат (видео)
RU

Акжол Махмудов : Жеңишим машыктыруучумдун маркум атасына арналат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудов жеңишин бүткүл Кыргызстан элине жана машыктыруучусунун маркум атасына арнады. Бул тууралуу балбандын маегин Дене тарбия жана спорт департаменти Instagram баракчасына жайгаштырды.

"Улук деген машыктыруучубуз бар, жакында эле атасы каза болуп калган. Бул жеңишимди ошол адамга арнагым келет, анткени ал эң мыкты машыктыруучуну тарбиялады. Ага чоң рахмат", - деди ал маегинде.

Махмудов 11-сентябрда финалдык таймашта ал грек-рим күрөшүнөн 77 кг. салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, дүйнө чемпиондугун жеңди. Муну менен ал грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8316