Кыргызстандан качкын макамын алууга 500дөй афган кызыктар
RU

Кыргызстандан качкын макамын алууга 500дөй афган кызыктар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда качкын макамын алуу боюнча чечимди 794 чет өлкөлүк жаран күтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын 467си афган жарандары.

"2022-жылдын 8 айында качкын макамын алуу үчүн 318 адам кайрылган. Афганистандан 247, Беларусиядан, Казакстандан, Палестинадан, Пакистандан жана Сириядан жалпысынан 71 адам. Тажикстандан кайрылгандар бар, азырынча санын атай албайм", - деди министрдин орун басары.

Депутат Надира Нарматова мамлекеттик органдардан арыз ээлери боюнча маалыматты тыкыр иликтөөнү өтүндү.

"Биздин жалпы үйүбүз" деген түшүнүк албетте жакшы, бирок аны ар кимге ача берген туура эмес. Эмгек министрлиги, ИИМ, УКМК иштеш керек качкын макамын алчулардын маалыматы боюнча иштеши керек. Ар кимди өз канатынын астына албоо керек. Улуттук коопсуздук баарынан жогору", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8322