Анжелика: Зордукчунун күнөөсү далилденсе кастрациялоо керек деп ойлойм
RU

Анжелика: Зордукчунун күнөөсү далилденсе кастрациялоо керек деп ойлойм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, ишкер Анжелика Кайратова коомдогу зордук-зомбулук маселеси боюнча пикирин билдирип жатып, зордукчуларды кастрациялоо сунушун колдоду. Бул туурасында ал Kaktus.kg`ге маек учурунда билдирди.

"Мурда тасмалардан эле көргөн көрүнүштөр реалдуу жашоодо болуп баштады. Мисалы бир кызды үчөөлөп, төртөөлөп зордуктап, колу-бутун байлап өлтүрөт дегенди криминалдуу тасмалардан эле көргөм. Бул чоң көйгөй, жетер жерине жетти деп ойлойм. Биз болгон коңгуроону кагышыбыз керек. Эң биринчи ирет адамдын күнөөсү далилдениши керек. Тастыкталгандан кийин кастрациялоо керек деп ойлойм", - деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталып, бардык жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8330