Балким, денең да, жүрөгүң да сыздап жаткандыр. Айсулуу Тыныбекованы колдоо сөздөрү
RU

Балким, денең да, жүрөгүң да сыздап жаткандыр. Айсулуу Тыныбекованы колдоо сөздөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жарым финалда атаандашына жеңилип калды. Дүйнөлүк мелдешке көз салып, спортчулардын ар бир ийгилигине, жеңилүүсүнө күйөрмандык кылып жаткандар балбан кызга колдоо сөздөрүн калтырышууда.

Ай, Күнгө багы тең экен,

Айсулуу чыны эр экен.

Ыркы жок чоңдордон көрө,

Ырахмат сага берекем.

Айсулуу кейибеңиз жеңилдим деп,

Алтындан артык көрөт, элиң сүрөп.

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону,

Кубанып жүрүңүзчү күлүмсүрөп.

Балким бир жериңди кокустатып алып, денең да, жүрөгүң да сыздап жаткандыр. Бир жолу "Күмүш алып калдым" деп, өпкөң көөп, ызаланып ыйлагандай, ыйлап жаткандарсың? Азыр абалың кандай, эмнени сезип жатканыңды билбейбиз, бирок биздин сага болгон чексиз сүйүүбүздү, ыраазычылыгыбызды сез! Сен бизге эч нерсе милдеттүү эмессиң! Биз сага милдеттүүбүз! Ырахмат сага, Айсулуу! Бар экениңе ырахмат!

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-сентябрда Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8337