Чөп, жалбырак өрттөгөндөргө чоң суммада айып пул салына баштады
RU

Чөп, жалбырак өрттөгөндөргө чоң суммада айып пул салына баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарда жалбырак, чөп өрттөгөндөргө айып пул салына баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Айып пулдун суммасы минимум 7 500 сомдон максимум 23 000 сомго чейин каралган.

Буга чейин текшерүү жүргүзүлүп, Чүй облустук ооруканасы жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн айып пул салынды. Андан сырткары Огонбаев көчөсүндө жалбырактарды өрттөгөн адам 7 500 сом айыпка жыгылганы айтылат.

Буга тиешелүү суроолор боюнча 0312 597526 номерине чалсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8341