Сойкукана уюштуруп издөөдө жүргөн түрк жараны Кыргызстандан кармаллы
RU

Сойкукана уюштуруп издөөдө жүргөн түрк жараны Кыргызстандан кармаллы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыздарды сойкулук кылууга мажбурлап, Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 10-сентябрда түнкү саат 23:10 чамасында "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан издөөдө жүргөн түрк жараны Б.Э. кармалган.

Түрк тараптын айтымында, кармалган жаран өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сойкукана уюштуруп, жашы жете элек 6 кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап, интимдик кызмат уюштурганы үчүн акча алып жүргөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганда Б.Э. Түркиянын аймагынан жашыруун чыгып качып кеткен.

Кармалган жаран Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8350