Намыска жарадың! Президент Жоламан Шаршенбековду чемпион болушу менен куттуктады
RU

Намыска жарадың! Президент Жоламан Шаршенбековду чемпион болушу менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады. Өлкө башчы Жоламан намыска жараганын белгиледи.

"Азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң.

Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ.

Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып жүрүшүңдү каалайм. Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8354