Белин сындырып алган. Баткенде турист тик учак менен куткарылды
RU

Белин сындырып алган. Баткенде турист тик учак менен куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде нидерландиялык турист тик учак менен куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, чет элдик жаран тоого чыкканда жабыркаган.

Маалыматта айтылгандай, Нидерландиядан келген 36 жаштагы турист Миң-Теке тоосуна чыгып, бутун кокустатып, белин сындырып алган. Куткаруучуларга бул туурасында "Централ Азия Тур" туристтик фирмасынан кабарлашып, чет элдик жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган.

Туристти тоодон түшүрүү үчүн ӨКМнын Бишкектеги Авиациялык ишканасынын тик учагы жиберилген. Жаракат алган жаран тик учак менен Ош шаарынын аэропортуна жеткирилип, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8357