Коргоо министри: Жоокердин сүйлөшкөн кызы шакекти берип жиберген
RU

Коргоо министри: Жоокердин сүйлөшкөн кызы шакекти берип жиберген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскердик бөлүктөрдө жоокерлердин өзүнө кол салуусу боюнча коргоо министри Бактыбек Бекболотов комитет жыйында маалымат берди. Анда депутаттар министрге суроо берүү менен бирге эскертүүлөрдү айтышты.

Министр армияга бараткан жигит "өлөм деп барса, анда ошол жерде өлөт" дейт. Буга депутат Эмил Токтошев "анда чыдабай суицидге барат турбайбы?" деген суроо салды.

"Эки окуя катталган. Эмнеге суицид болгонун айтып жатам. Биринде жигит кызына (сүйлөшкөн кызы) шакегин берип кетет, кызы ал шакекти кайра берип жиберет. Шакекти коюп туруп, атынып өлүп жатат. Ошого Коргоо министрлиги күнөөлүүбү?" - деди ал.

Сүйүнбек Өмүрзаков министрлик жоокерлерди таң аткандан күн батканга чейин, күн баткандан таң атканга чейин көзөмөлдөө керектигин айтты. "Ал баланын үйүндө кандай көйгөй, сүйлөшкөн кызы менен кандай маселеси болуп жатканын карай турган кызмат бар да силерде. Кызмат өтөөгө барган биздин жоокерлерибиз душмандын колунан эмес өзүн өлтүрүп жатат. Жоопкерчилик алыш керек, болбосо иштен кетиш керек. Ата-эне чырактай баласын силердин колуңарга берсе, кайра сөөгүн берип жатасыңар", - дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8359