Быйыл абитуриенттерди ЖРТга каттоо жаңы эреже менен өткөрүлөт
RU

Быйыл абитуриенттерди ЖРТга каттоо жаңы эреже менен өткөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл ЖРТга катоо онлайн форматта өтөт.

2021-жылы жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан тартып 23-майга чейин онлайн форматта өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкекте өткөн пресс-конференция учурунда мектеп жана мектептен сырткары билим алуу башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев айтып берди.

Анын айтымында, 2021-жылы мектепти 58 миң 208 бүтүрүүчү аяктайт. ЖРТни тапшыруу жогорку окуу жайга өтүү үчүн керектелет. Тестти мектепти мурунку жылдары аяктагандар да тапшыра алышат.

"Өткөн жылы пандемияга байланыштуу тестирлөө онлайн өткөрүлгөн. Ошондой эле жождорго кабыл алуу да алгачкы жолу онлайн жүргүзүлдү. Олуттуу мыйзам бузуулар болгон эмес", - деди Усеналиев.

Ал белгилегендей, ЖРТга онлайн каттоо 26-февралдан 9-апрелге чейин www.testing.kg сайтында жүрөт.

Билим берүүдөгү жана окутуу ыкмаларындагы баалоо борборунун директору Чынар Батракеева, мындай процесс алгачкы жолу боло турганын билдирди.

Батрекееванын айтканына караганда, бүтүрүүчүлөрдү каттоо окуган жеринде жүрөт. Мурунку жылдары жашаган жери боюнча районо жана горонолорго барып катталышчу.

Катталуу үчүн абитуренттерде төмөнкү документтер болууга тийиш:

  • паспорттун жа туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы;
  • ЖРТнин каттоо төлөмүн төлөгөндүгү үчун квитанция;
  • Орто билими тууралуу аттестаттын түп нускасы (мектепти мурунку жылдары бүтүргөндөр үчүн);
  • Окуучу аталган мектепте окуй тургандыгын тастыктоочу маалымкат, фотосүрөтү менен;
  • Документтердин түп нускасынын фотосүрөттөрү;
  • Окуучунун бетинин электрондук фотосүрөтү.

Документтке тартылган фото сүрөттөрдүн сапаты мыкты болууга тийиш. Адамдын жүзүнө эч кандай көлөкө түшпөөгө тийиш, баш кийим менен сүрөткө түшкөнгө болбойт. Хиджаб кийгендердин чекеси жана ээги ачык болуш керек.

Негизги тестке каттоого туруунун акысы 370 сом. Аны РСК банктарынын филиалдары аркылуу төлөсө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/835