Чүйдө дайынсыз делинген жарандын сөөгү ата-энесинин короосуна көмүлгөнү аныкталды
RU

Чүйдө дайынсыз делинген жарандын сөөгү ата-энесинин короосуна көмүлгөнү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө ыкчам кызматкерлер дайынсыз делинген жарандын сөөгүн жерге көмүлгөнүн аныкташты. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1987-жылы туулган келин милицияга кайрылып жолдошу дайынсыз болуп жатканын айткан. Анда жолдошу 8-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келбегенин билдирген.

Миилция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, анда изделип жаткан И.Р. Ысык-Ата районунун аймагынан чыкпаганын, ал Чоң-Далы айылындагы ата-энесинин үйүно барганын аныкташкан. Териштирүү иштеринин алкагында изделип жаткан жарандын сөөгү ата-энесинин короосунда жерге көмүлгөнү такталды.

Кылмышка шектелип маркумдун 59 жаштагы атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш үй-бүлөлүк чырдын негизинде, ата баланын мушташы учурунда жасалган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8363