"Спортто болуп турат". Айсулуу жана Айпери тууралуу машыктыруучусу эмне дейт (видео)
RU

"Спортто болуп турат". Айсулуу жана Айпери тууралуу машыктыруучусу эмне дейт (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызынын ийгиликсиз беттеши тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев КТРК Спорттун журналисине айтып берди.

Алгач Айпери Медет кызы 13-сентябрда биринчи беттеште утулуп калган. Кийин Айсулуу Тыныбекованын дагы коло үчүн беттеши ийгиликсиз аяктады.

Машыктыруучунун айтымында спортто мындай нерсе болуп турат.

"Айсулуу Токиодогу Олимпиада оюндарынан кийин эми калыбына келип жатат. Спортто мындай болуп турат. Муну машыктыруучулар штабы жакшы түшүнөт. Форманы бир деңгээлде кармап туруу абдан кыйын", - деген ал.

Ал эми Мээрим Жуманазарованын абалы жакшы экенин белгиледи.

"Мээрим эртең таразадан өтүп, анан күрөшкө чыгат. Жакшы күрөш болот деп үмүттөнөбүз", - деп жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8365