Акжол Махмудовдун атасы: Акжол быйыл үйлөнбөйт, кийинки жылга да шанс жок
RU

Акжол Махмудовдун атасы: Акжол быйыл үйлөнбөйт, кийинки жылга да шанс жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан балбандар бүгүн, 15-сентябрда Бишкекке келишти. Өлкө сыймыктарын тосуп алуу салтанаттуу өтүп, балбандарды бийлик өкүлдөрү, туугандары жана күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты.

Буга чейин Акжол Махмудов күрөш тааласында жеңишке жеткенден кийин аты жок манжасын машыктыруучусуна көрсөтүп, көпчүлүк аны "үйлөнөт окшойт" деп божомолдошкон. Бүгүн тосуп алуу иш-чарасында журналисттер Акжолдун качан үйлөнөрүнө кызыгышып, балбандын атасына суроо салышты.

"Кыздар, Акжол быйыл үйлөнбөйт. Күтпөй эле койгула, кийинки жылга да шанс жок. Мен атасы болом. Акжолдун эки агасы бар, ошолор үйлөнсө андан кийин кезек келет. Азыр Бексултанды дароо үйлөнтүшүм керек. Бексултанга тием дегендер болсо телефонун берейин. Азыр Бексултанга кыз издеп жатабыз (күлүп). Ортодо Сыймык деген агасы бар, бирок анын сүйлөшкөн кызы бар экен, аны да айтып коёюн", - деди атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8385