Бүгүн эркин күрөш боюнча беттештер башталат
RU

Бүгүн эркин күрөш боюнча беттештер башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-сентябрда Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча беттештер башталат.

Анда жалпы 4 салмак категорияда медалдар ойнотулуп, Кыргызстандан 70 килограмм салмак ченин Эрназар Акматалиев жана 79 килограмм салмак боюнча Арсалан Будажапов беттешет.

Эрназар Акматалиев алгач 1/8 финалдан баштайт. Ал эми Арсалан Будажапов 1/16 финалда франциялык Сайфедин Алекма менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча беттешкен балбандар өлкөгө кайтып келишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8390