Алмазбек Исманкулов Алымкадыр Бейшеналиевди сотко берди
RU

Алмазбек Исманкулов Алымкадыр Бейшеналиевди сотко берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көз микрохирургиясы ооруканасынын жетекчиси, профессор Алмазбек Исманкулов мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сотко берди. Маалыматты юрист Кайсын Абакиров Kaktus.media сайтына тастыктап, азырынча иш менен тааныша электигин белгиледи.

Ал эми Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан Исманкулов ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыз менен кайрылганын билдирди. Маалым болгондой, доо арыз июль айынын аягында Ленин райондук сотуна берилген. Буга чейин бир соттук отурум өтүп, экинчиси 20-сентябрга белгиленген.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун мамлекеттик имараттан чыгарууга аракет кылган. Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловду "лопух" деп атап, имараттан үч сааттын ичинде чыгып кетүүнү талап кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8391