Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бир катар документтер кабыл алынды
RU

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бир катар документтер кабыл алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынганын президенттин администрациясынан билдиришти.

Кол коюлган документтер:

  • Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  • Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
  • Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо" № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Белгилеп өтсөк, Садыр Жапаров 14-сентябрда Өзбекстанга иш сапары менен барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8393