Бажы кызматынын экс-төрагасына 1 миллион айып салынды
RU

Бажы кызматынын экс-төрагасына 1 миллион айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын экс-төрагасы Адилет Кубанычбековго бир миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, Адилет Кубанычбеков 17-январда кармалып, кайра 18-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен абактан бошотулган. Кубанычбеков айыбын моюнга алып, мамлекетке келтирилген зыянды кайтарган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыгы үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажы мыйзамдарын одоно бузуу менен, бажы жетекчилигинен товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылар аныкталды. Ал баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын ашыра көтөргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды моюнуна алды", - деп маалымаган атайын кызмат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8394