Президенттин Баткендеги өкүлү: "Ок атышуулар токтосо эле жолугушуулар башталат"
RU

Президенттин Баткендеги өкүлү: "Ок атышуулар токтосо эле жолугушуулар башталат"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги учурдагы абал тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирүү жасады. Айтымында, тажик тарап чек ара тилкелерин бардык тараптап атып баштаган.

"Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен саат 06:00дө Кыргыз-Тажик чек ара тилкелеринде ок атуулар башталды. Тажик тараптан бардык чек ара тилкелерине ок атуулар болуп жатат. Муну мен агрессия деп санайм. Анткени, биз күтпөгөн жерден алар чоң куралдар менен атып жатышат. Азыркы учурда да ок атышуулар токтой элек. Биз тараптан да чаралар колдонулуп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөлүк кесиптеши менен сүйлөшүп, бардык жердеги ок атышууларды токтотуу командасы берилди. Ок атышуулар токтосо жолугушуулар башталат", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи. Кол салуудан 18 адам жабыркады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8409