Коопсуздук кеңеши: Тажик чек арачылары буйрук берилгенине карабай аткылашты
RU

Коопсуздук кеңеши: Тажик чек арачылары буйрук берилгенине карабай аткылашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Садыр Жапаров катышкан жыйын боюнча маалымат берди. Ал белгилегендей Баткендеги кырдаал президенттин көзөмөлүндө.

"Садыр Жапаров Өзбекстандан келип эле Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ал Баткендеги кырдаал боюнча бардык маалыматтарды угуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Кырдаал президенттин көзөмөлүндө. Айтып коюшум керек, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан биздин жарандардын арасында жаракат алгандар жана курман болгондор бар. Азыр саны такталып жатат", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

Тажик тарап эртең мененки саат 6дан баштап аткылоону баштаганын, буга кыргыз тарап жооп кылууга аргасыз болгонун кошумчалады.

"Биз Тажикстандын органдарына, мына мен да тажик кесиптешиме байланышып, ок атышууну токтоткула, техниканы алып чыгып кеткиле, тынчтык жолу менен чечишели дедик. Алар "биз буйрук берип жатабыз" дешти. Бирок тажик чек арачылары бийликти уккан да жок, тескерисинче күчөгөнүн көрүп жаттык. Саат 16:30да ок атышууну токтотобуз деп сүйлөшкөнбүз. Көп өтпөй алар аткылоону башташты. Паникага алдырбай, чагымчыл мазмундагы маалыматтарды таратпай турууга чакырабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8431