Күрөш боюнча кыз-келиндер командасы Дүйнө чемпионатынан келди. Салтанаттуу тосуп алуу
RU

Күрөш боюнча кыз-келиндер командасы Дүйнө чемпионатынан келди. Салтанаттуу тосуп алуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасын Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Дүйнө биринчилигине Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова катышкан. Бирок, бул ирет кыздарга медал буюрган жок. Ошентсе да аларды өзгөчө жылуу тосуп алуу болду.

Учурдагы кырдаалдан улам концерттик программа жана маалымат жыйын өткөрүлгөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8443