Баткенде дээрлик 10 миң үй жарыксыз калды
RU

Баткенде дээрлик 10 миң үй жарыксыз калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 9909 үй жарыксыз калды. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 15 электр зымдары өчүрүлгөн.

"Бүгүнкү күндө "Улуттук энергохолдинг" тарабынан иштер жүрүп жатат. 60 адам жумушка чакырылып, 12 техника жөнөтүлдү. Кээ бир жерлерде электр жарыгын калыбына келтирип жатышат. Айрым жерлер үчүн чек арачылардын уруксатын күтүп жатабыз", - деди ал.

Ибраев ошондой эле Чоң-Алай районунда электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8453