Эламан Ураимов тажик аскерлерин токтотуу үчүн граната менен өзүн жардырган
RU

Эламан Ураимов тажик аскерлерин токтотуу үчүн граната менен өзүн жардырган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык жоокер, 29 жаштагы Эламан Ураимов Тажикстандан келген аскерлерди Кыргызстанга киргизбөө үчүн өзүн граната менен жардырып жиберген. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына азыр Баткен облусунда жүргөн аскер кызматкерлери тастыкташты.

Эламан Ураимов Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн командири болгон. Ал башка офицерлер жана жоокерлер менен бирге 16-сентябрда Достук айылындагы өзүнүн постунда күжүрмөн тапшырманы аткарып жүргөн.

Маалыматтарга караганда, кыргыз жоокери агрессорлорду жок кылуу үчүн граната менен өзүн жардырган.

Белгилүү болгондой, Эламан Ураимов Бишкек аскердик институтун аяктаган. Ал Алай районунан болот. Артында эки баласы калды.

Kaktus.media сайтынын редакциясы Эламан Ураимовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8475