Нурлан Мотуевди сабап кетишти
RU

Нурлан Мотуевди сабап кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борборунда белгисиз адамдар мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевге кол салышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Кол салуу борбордук мечиттин алдында (Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде) саат 13:30дар чамасында болгон.

Окуяга күбө болгондор кол салуу болгон учурду видеого тартып алышкан эмес. Бирок алардын айтымында, мурдагы саясатчы, азыркы блогер Нурлан Мотуев бетине бир нече жолу сокку жеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8478