Садыр Жапаров менен Владимир Путин чек ара маселесин талкуулашты
RU

Садыр Жапаров менен Владимир Путин чек ара маселесин талкуулашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге өлкөнүн учурдагы абалы, кыргыз тараптан каза болгон жана жабыркагандардын саны, жеке жана социалдык объектилердин талкаланышы тууралуу маалымат берди.

Эки тарап тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8483