ӨКМ: Жаңжалдан улам Баткенде 300дөй үй жабыркаган
RU

ӨКМ: Жаңжалдан улам Баткенде 300дөй үй жабыркаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажик аскерлеринин куралдуу басып киришинин натыйжасында 282 үй жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бактыбек Чамашев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын комиссия менен биргеликте жабыркаган объектилердин санын эсептеп чыккан.

"Эсептөөнүн жыйынтыгында 282 турак жай объектилери аныкталып, үч стратегиялык, тогуз социалдык объектилер аныкталды. Андан тышкары 300дөн ашык айыл чарба объектилери күйүп кеткен", - деди ал.

Чамашев ошондой эле комиссия жабыркаган объектилерди эсептөө иштерин улантып жатканын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8498