Чек ара кызматы Баткен менен Чоң-Алайдагы бүгүнкү абал боюнча маалымат берди
RU

Чек ара кызматы Баткен менен Чоң-Алайдагы бүгүнкү абал боюнча маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата Баткенде жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик тилкелеринде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

19-сентябрдан 20-сенятбрга караган түн тынч, эч кандай окуяларсыз өттү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күчтөрдү, каражаттарды чыгаруу боюнча келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат. Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8511