Күч биримдикте. Баткенге жардам иретинде "Умай Групп" 10 миллион сом которду
RU

Күч биримдикте. Баткенге жардам иретинде "Умай Групп" 10 миллион сом которду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Умай Групп" - Globus, "Народный" жана "Достор" чекене соода тармактарын башкарган ата мекендик ири оператор. Аталган тармактык ишкана Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча Борбордук казына тарабынан ачылган атайын эсепке 10 миллион сом которду.

Каржылык колдоо ритейлдердин "Күч биримдикте" акциясынын бир бөлүгү. Анын алкагында "Умай Групп" ыктыярдык кыймылга колдоо көрсөтүп, Баткен облусунун тургундары үчүн Globus-1 жана Globus-"ЖЭБ" дүкөндөрүнүн унаа токтотуучу жайларында гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттарын уюштурууга жардам берди.

"Урматтуу мекендештер - биздин күчүбүз биримдикте! Өлкөбүз кыйын күнгө кабылганда биз четте карап тура алган жокпуз. Түштүк аймактардагы биздин Globus дүкөндөрүнөн жаңжалдын биринчи күнү эле 200 миң сомдон ашык гуманитардык жардамдын биринчи партиясы жөнөтүлдү. Биз армиябызга да колдоо көрсөтүп, 100 миң сомдон ашык каражатка азык-түлүк, суу жана башка керектүү буюмдарды жөнөттүк. Керектүү жардамдарды чогултуу жана жөнөтүү бүгүн да уланууда. "Умай Групптун" кызматкерлери ыктыярдык кыймылга ар тараптуу жардам көрсөтүп, аларды азык-түлүк жана чогултулган гуманитардык жардамды таңгактоо үчүн материалдар менен камсыз кылууда.

Биздин жардам мекендештерибиздин үйлөрүнө тезирээк кайтып, тынчтыкты орнотууга багытталган жалпы улуттук кампанияга салым кошуп, бул саамалыктын бир бөлүгү болуп калат деп ишенебиз", - дейт "Умай Групптун" коомдук фонддор жана ыктыярдык кыймылдар менен иштөө координатору Рамиля Жакакова.

Баткен облусундагы трагедия ар бир кыргызстандык жарандын жүрөгүн катуу оорутту...

"Умай Групп" компаниясы Баткен облусунун тургундарына колдоо сөздөрүн, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8518