Референдумду дайындоого СИЗОдо отурган депутат деле добуш берет экен! Шумдук го
RU

Референдумду дайындоого СИЗОдо отурган депутат деле добуш берет экен! Шумдук го

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституция боюнча референдум 11-апрелде өткөрүлүүсүнө СИЗОдо отурган Дүйшөн Төрөкулов да добушун берди. Мында таң калыштуу эч нерсе деле жок. Ушундай эле өңүттө калган 86 депутат дагы добуштарын беришти.

Болгону Дүйшөн Төрөкулов УКМК тарабынан коррупция жана рейдердик тартып алуу кылмыш иши боюнча камакка алынган болчу.

УКМК берген маалыматка ылайык, Төрөкулов 150январда камакка алынып, ошондон бери СИЗОдо отурат.

Мыйзам долбооруна "макул" деген добушун Шаршенбек Абдыкеримов да берди. Бирок расмий эмес маалыматтарга ылайык, ал парламенттин жыйындарына дегеле келбейт экен.

Эске салсак, добуш берүү башталганга чейин Дастан Бекешев, жумушка келбеген кесиптештеринин ордуна башкалар добуш бербөөсү үчүн, спикер Талант Мамытовдон жыйынга келбеген депутаттардын компьютерлерин өчүрүп коюуну суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/851