Жалал-Абад облусунда беш адам ууланып каза болду, дагы үчөө ооруканада
RU

Жалал-Абад облусунда беш адам ууланып каза болду, дагы үчөө ооруканада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда беш адам ууланып каза болду. Дагы үчөө оор абалда ооркунага жеткирилген. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 3-мартта аймактык ооруканга Аксы районунун, Карасуу айылынан 7 адам кайрылган. Алардын ичинен үчөө жолдо келатып үзүлгөн, ал эми төртөө оор абалда ооруканага жеткирилген болчу. Бүгүн эртең менен дагы экөө көз жумду деген маалымат берилди.

Такталбаган маалымат боюнча, ууланган жарандар той учурунда спирт ичимдиктерин ичип ууланышкан.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/852