Тазабек Икрамов: Былтыр Баткенге деп топтолгон каражаттар элге жеткен эмес, текшериш керек
RU

Тазабек Икрамов: Былтыр Баткенге деп топтолгон каражаттар элге жеткен эмес, текшериш керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткенге деп чогулуп жаткан каражаттын эсебин алуу керектигин айтты.

Анын айтымында былтыр, 2021-жылдагы окуяда Баткенде жабыркагандарга деп чогултулган каражаттар элге жеткен эмес.

"Былтыр Баткенге деп чогулган каражаттардын эсебин ӨКМден сурап, отчет алышыбыз керек. Биз Лейлекке барганда элде ишенбестик пайда болуп жатканын айтышты. Азыр эл колунан келген жардамжарын берип жатат. Ушул топтолуп жаткан акчалар эртең туура багытта колдонулса. Эртеңки күнү отчетун бере ала тургандай кылышыбыз керек. Топтолгону менен жыйынтыгы жок", - деп кайрылды ал.

Акыркы маалыматка ылайык, Кыргызстандын Каржы министрлиги атайын эсеп ачып, азырынча ага 197 миллион сом чогулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8541