Элчилик Россиядагы кыргыздарга согуштук аракеттерге чакыруу болсо барбоону эскертет
RU

Элчилик Россиядагы кыргыздарга согуштук аракеттерге чакыруу болсо барбоону эскертет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу алган жарандар болсо токтоосуз дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылууну өтүнөт.

Маалым болгондой, 21-сентябрда Мамлекеттик Дума тарабынан Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандарга Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актылары кабыл алынды. Буга байланыштуу элчилик Россиянын аймагында убактылуу жашаган кыргыз жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышпоону эскертет.

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган", - дешет элчиликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8544