Айдоочулук күбөлүктөрдү интернет дүкөн аркылуу саткан жаран кармалды
RU

Айдоочулук күбөлүктөрдү интернет дүкөн аркылуу саткан жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айдоочулук күбөлүктөрдү онлайн сатып жүргөн жаран кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан белгилешкендей, бул факты боюнча алдамчылык менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, милицияга интернет дүкөн аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий каттоосу менен айдоочулук күбөлүк саткандарга карата чара көрүү өтүнүчү келтирилген.

19-сентябрда атайын териштирүү иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы туулган И.А. кармалды. Ал алдамчылык менен алектенип, тагыраагы, "TOPDARKNET" интернет дүкөнүн түзүп, Мамлекеттик каттоо кызматында расмий каттоодон өткөн бардык категориядагы айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кулактандырууларды жарыялап жүргөн. Ал эми акча каражаттары "О-Деньги" электрондук капчыгы аркылуу банктык картага түшүп турган.

Кармалган жаран өз ыктыяры менен банктык карталарын, уюлдук телефонун тапшырды. Учурда ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында. Эгер жогоруда аталган интернет дүкөндөн айдоочулук күбөлүк алгандар болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8554