Модель Бегимай Карыбекова чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди
RU

Модель Бегимай Карыбекова чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү модель Бегимай Карыбекова өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жакын арада чечилеринен үмүт кылып, тажик эли бейкүнөө экенин, буга бийликчил, ач көз адамдар күнөлүү дейт.

Анын пикири өзгөртүүсүз калтырылды.

  • Биздин кимге керегибиз бар? Кичинекей өлкөнүн көйгөйлөрү кимди ойлондурат? Биз ак да, кара да эмеспиз! Бүтүндөй бир эл жок кылынса да, эч кимдин башы оорубайт! Капчыгыңдын калыңдыгы менен кө*үңдүн чондугуна карап мамиле кылган адамдардан эмнени күтсө болот? Батышына дагы, чыгышына дагы, эч кимге ишенүүгө болбойт…
  • Чек арадагы көйгөйлөргө келсек… Биз бейкүнөө тажик элин жек көрө албайбыз, алар дагы бизге окшоп уяты жоктордун айынан жер кезип, мигрант болуп кыйналып жашап жатышат. Рахмонстр баш болуп бийликчил, ач көз жаланкычтар жана алардын жалданма баш кесерлери күнөөлүү! Алардын мамлекетинде толук башаламандык, наадандык өкүм сүрүп, алардын билимсиз журналисттеринен кийин чындык карапайым элге да жетпей жатат. Эки өлкөдө тынчтык жана бакубатчылык болсун! Бардык жерде эч кимдин көз жашы акпасын! Биз тынчтыкты жана адилеттикти каалайбыз! Жакын арада кырдаал чечилет деп ишенем.
  • Кыргызстандын экономикасы эмгек мигранттарынан абдан көз каранды. Бирок биз үчүн ар бир мигранттын өмүрү баалуу, өлкөбүздө жумуш орундарын, иштөө шарттарын түзүшүбүз керек! Дүйнөдөгү тынчтыкты бузган маңкурт үчүн, мигрантты адам көрбөгөн улутчулдар үчүн жаныңды берип кереги жок. Согушка барба, мигрант! А бирок, эгерде сиз ошол өлкөнүн жарандыгын алган болсоңуз анда кыйын учурларда аны менен бирге болуңуз жана мыйзамды сактаңыз!
  • Ар тараптан душман, чөөлөрдөй эле алсыз болушубузду күтүп турат. Эртең ким душман болбойт деп кепилдик бере алат? Ишеним бир гана биздин жарандарда! Өлкөнүн көз карандысыздыгын жана бүтүндүгүн сактап калуу үчүн мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдап, демөөрчүлүк кылуу зарыл. Армиядагы бейбаштыкка каршы күрөшүп, жоокерлердин кызмат өтөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек. Эч ким өлкө үчүн кызмат кылуудан качпайт, керек болсо кыздарыбыз өз өлкөсүн коргоого каршы эмес.
  • Билим деңгээлин жогорулатып, мечит эмес мектеп салып, кыздардын этегинин узундугун талкуулабай, адамдын жан дүйнөсүн, тарбиясын сүйлөшөлү. Чындыкты айткан, мамлекетибиздин намысын коргогон инсандарды колдошубуз керек!
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8564