ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматтар тастыкталган жок
RU

ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматтар тастыкталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигин бурмаланган жана жалган маалымат таратууда дейт. Мекемеден билдиришкендей, 22-сентябрда коңшу өлкөнүн тышкы саясий ведомствосу маалымат тараткан.

"Коңшу өлкөнүн тышкы саясий ведомствосу дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнү атайылап каралоо аракетин көрүп жатканын белгилейбиз. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган. Бул маалыматты текшерүү учурунда дүкөндөрдүн жабылышы тастыкталган жок. Ал эми коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандарды этникалык тажиктер үйлөрүнө өз ыктыярлары менен киргизишкен", - дешет маалымат кызматынан.

  • Ошондой эле Ош облусунда белгисиз адамдар улуттук касташуу (араздашуу) максатында "Азаттык Радиосу" кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт.
  • Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Ош облусундагы жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 500 тажик студентин депортациялоо пландалып жатат деген маалымат тастыкталган жок. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак башталгандан баштап укук коргоо органдары тарабынан Бишкекте жана башка шаарларда жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан тажик улутундагы жарандардын коопсуздугу камсыздалууда.
  • 19-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин шаардык милиция бөлүмчөсүнө Тажикстандын жараны А.Алиевдин жеткирилгени жана ал суракка алынганы жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
  • Баткен облусунда жабырлануучуларга акча которууга мажбурлоо максатында өлкөбүздүн аймагында убактылуу иштеп жүргөн Тажикстандын жарандарына карата кысым жана коркутуулар болуп жатканы жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жабыркагандарга акча чогултууга катышуу же катышпоо ар бир жарандын укугу, аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок.
  • Ошондой эле, тажик улутундагы жарандардын куугунтукталганы тууралуу башка маалыматтар дагы тастыкталган жок.
  • Акыркы убактарда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматтарды атайылап таратуу менен алектенип жатканын баса белгилейбиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8566