Депутаттар билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоого катышууга чакырат
RU

Депутаттар билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоого катышууга чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев, "Ата Журт" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев, "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев жана социалдык саясат комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева бардык мамлекеттик, муниципалдык бийлик органдарына, бизнес-коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө, бардык кызыктар тараптарга ачык кат жолдоду.

Катта эл өкүлдөрү ушул жылдын 8-сентябрында Жогорку Кеңешинин депутаттары Билим берүү жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоорун демилгелеп чыкканы айтылат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жанар Акаев, Марлен Маматалиев, Нурланбек Шакиев, Винера Раимбачаева, Жалолидин Нурбаев, Аманкан Кенжебаев, Акылбек Түмөнбаев, Тазабек Икрамов, Өмүрбек Бакиров, Фархад Алимжанов, Нурбек Алимбеков, Эмил Жамгырчиев, Эмил Токтошев, Мирлан Самыйкожо.

"Билим берүү" жөнүндө мыйзамдын долбоору мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле президенттин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусунда айтылгандай, билим берүү системасын реформалоо зарылдыгына байланыштуу демилгеленген.

Жогорку Кеңештин депутаттары "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоору чыныгы элдик талкуудан өтүшүн каалайт. Баарына бир чоң өтүнүч, депутаттардын демилгесин колдоп, бул катты бөлүшүп, жарыялап, таркатыңыз. Мыйзам долбооруна сунуштар канчалык көп болсо, талкуулар ошончолук көп болсо "Билим берүү" жөнүндө мыйзам ошончолук жакшы болот жана жаңы мыйзам жарандарыбыздын муктаждыктарын чагылдырат.

Бардык кызыктар тараптарды билим берүү жөнүндө мыйзам долбооруна сунуштарды 8-октябрга чейин [email protected] электрондук дарекке жөнөтүүнү эл өкүлдөрү суранышат.

Суроолор боюнча 0222 220509 (Чолпон Султаналиевага) WhatsApp номерине кайрылсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8577