Мурду кан жалап. Криштиану Роналду жаракат алды
RU

Мурду кан жалап. Криштиану Роналду жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манчестер Юнайтеддин" жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Прагада Чехия менен болгон Улуттар Лигасынын матчында бети-башы кан жалаганын Championship басылмасы билдирди.

Биринчи таймда жагымсыз эпизод болуп, чабуулчу чехиялык дарбазачы Томаш Вачлик менен сүзүшкөн. Дарбазачы топту муштуму менен чапканда чабуулчунун бетине сокку урду. Португал газонго жыгылып, мурду канаган.

Медицина кызматкерлери футболчуну талаадан чыгарып, жардам беришкен. Кыска тыныгуудан кийин Роналду кайра оюнду уланкан.

Беттештин өзү чехиялыктардын 0:4 эсебинде жеңилүүсү менен аяктады. "Манчестер Юнайтеддин" коргоочусу Диого Далот (33 жана 53-мүнөттө) португалиялыктардан дубль жасаса, Бруно Фернандеш (45+2) жана Диого Жота (82) дагы бирден гол киргизди.

Бул жеңиштен кийин Португалия курама командасы 10 упайга ээ болуп, тайпалык турнирде 1-орунга көтөрүлдү. Экинчи орунда испаниялыктар (8 упай), үчүнчүдө швейцариялыктар (6), чехтер төртүнчү болуп калды (4).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8592