Жогорку соттун жетекчиси Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилди
RU

Жогорку соттун жетекчиси Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-мартта Судьялар кеңешине караштуу дисциплинардык комиссиянын мүчөлөрү Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопкерчиликке тартуу боюнча маселени карашты.

Дисциплинардык комиссянын жетекчиси Марат Осмонкулов, комиссиянын мүчөлөрү Генералдык прокурор Курманкул Зулушевдин Жогорку соттун төрайымы Калиеваны кызматынан четтетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу тууралуу арызын карап чыкты, деп катышуучуларга билдирди.

Өзгөчө иштер боюнча тергөөчү Замирбек Субаналиев мамлекетке келирилген зыян 1 млн 211 миң сомду түздү, деп комиссияга маалымдады. Андан тышкары, мамлекеттин коопсуздугуна да зыян келтирилген, тагыраак айтканда, жеке менчик компанияга мамлекеттик маалымат базасына толук доступ берилген.

Кеңешме бөлүмдөн кийин кайтып келген комиссия Калиеваны жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызды канааттандырды.

Белгилей кетсек, Гүлбара Калиева өзү жыйынга келген эмес. Ал ден соолугуна байланыштуу териштирүүнү башка күнгө жылдырууну суранып, катына спецполиклиниканын маалымкатын тиркеген. Бирок прокурор Калиевасыз эле териштирүү ишин улантты.

Эске салсак, УКМК жакында эле Гүлбара Калиеваны атайылап териштирүү ишин создуктуруп жатат, деп айыптаган. Андан мурун УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Калиевага карата КРдин Жазык Кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде иш козголгондугун билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/859