Ахматбек Келдибеков толугу менен акталды
RU

Ахматбек Келдибеков толугу менен акталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибековду сот толугу менен актады. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан ырасташты.

Соттун маалыматына ылайык, Ахматбек Келдибековго "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (эки айып) жана "Коррупцияга аралашуу" беренелери боюнча 3 айып тагылган.

"Ахматбек Келдибековдун ишинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу күнөөсүз деп акталды", - деп айтылат соттун маалыматында.

Эске салсак, экс-спикер Ахматбек Келдибеков 2013-жылы ноябрда кармалган. Ал 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда коррупция, 2008-2009-жылдары салык кызматын жетектеп турганда, 2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

2015-жылдын ноябрь айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-спикерди 304-берененин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча күнөөлүү деп таап, Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн түзгөндүгү үчүн 3 миллион сом айып салган.

2021-жылы Жогорку Сот Келдибековго карата өкүмдөрдү жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8606