Пальма майы менен электрондук тамекиге тыюу салуу сунушталды
RU

Пальма майы менен электрондук тамекиге тыюу салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Электрондук тамекилерге, пальма майына жана мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатууга тыюу салынмайынча онкологиялык оорулуулардын саны азайбайт. Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги электрондук тамекилерге экспертиза жүргүзүлбөрүн белгиледи.

"Кайдан келип жатканын билбейбиз, сертификаттардын баары сатылып алынган. Муну менен жаштарды өлтүрүп жатабыз. Эмне үчүн печенье менен пряник арзан? Анткени баары пальма майы менен бышырылган. Электрондук тамекилерди көргүм келбейт. Буга тыюу салган өлкөлөр бар", - деди ал.

Ал эми саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлбөй жатканын моюнга алды.

"Профилактикалык мекемелерди өнүктүрүп, бул маселелердин баарын иликтеш керек. Бизде педиатриянын деңгээли төмөн болгондуктан, абал кейиштүү", - деди Касымбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8616