Кыргызстандын Кытайдагы элчиси алмашты
RU

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси алмашты. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Канайым Бактыгулова элчи кызматынан бошотулду.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Канайым Бактыгулова Кытай Эл Республикасындагы жана Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Ал 2019-жылдан бери элчилик кызматты жетектеп келген.

Анын ордуна Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8618