Толкун Камчыбекова өкмөттүн басма сөз кызматын жетектейт
RU

Толкун Камчыбекова өкмөттүн басма сөз кызматын жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызалтын" ААКтын мурунку катчысы Толкун Камчыбекова өкмөттүн басма сөз кызматын жетектейт. Мындай буйрукка Улукбек Марипов кол койду.

Жаңы кызматка дайындалганга чейин Камчыбекова "Кыргызалтын" ААКында иштеп келген. Ал өткөн жылдын ноябрь айында, компаниянын мурунку төрагасы Алмазбек Алимбеков менен кошо кызматтан кеткен.

Толкун Камчыбекова Бакыт Рысалиевдин ордуна дайындалды. Эске салсак, Рысалиев октябрь окуяларынан кийин басма сөз кызматын жетектеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/861