Жол киреси 40-50 сом. Жакында VIP-маршруткалар жүрө башташы мүмкүн
RU

Жол киреси 40-50 сом. Жакында VIP-маршруткалар жүрө башташы мүмкүн

Все самое интересное в Telegram

Депутат Дастан Бекешев Жогорку кеңештин жыйынында эл маршруткаларга батпай, көп убакыт күтүп калып жатканын айткан.

"Бул көйгөй чечилбей эле кайра курчуп жатат. Эл шаттл үчүн 30-40 сом самокатка 100 сом төлөп деле жүрүшөт. Кымбатыраак болсо деле баары отуруп кете тургандай маршруткаларды киргизсе болот да", - деген ал.

Буга Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев жооп берди.

VIP-бустар боюнча долбоор даярдалып макулдашууда турганын жана жакында Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилерин билдирди

"Учурда VIP-бустар боюнча долбоор даярдалып, макулдашуу этабында. Жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунушталат. Мындай бустарга төлөм болжол менен 40-50 сомду түзөт", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8620